«Кек алуучулар» тасмасынын жылдызы Жереми Реннердин оор абалда ооруканада экени маалым болду

«Оскар» сыйлыгына эки жолку талапкер, Марвел тасмаларында роль жараткан америкалык актёр Жереми Реннер кырсыктан улам оор абалда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты. 

«Кек алуучулар» тасмасынын жылдызы АКШда кар бороонунда кар тазалап жатып, жаракат алган. Анын абалы оор жана туруктуу деп бааланууда. 

Ал учак менен ооруканага жеткирилген.