Келини менен кудагыйын темир зым менен сабап өлтүргөн киши кармалды

Өзбекстанда келини менен кудагыйын темир зым менен сабап өлтүрүүгө шектелип кайнатасы кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

11-июнь күнү келин кайнатасы менен уруша кетип, таарынып төркүнүнө кетип калган. Эртеси күнү келин апасы жана бир тууган жеңеси менен 2 жашар баласын алганы келгенде кайра уруш чыккан. Кайнатасы келини менен анын апасын темир зым менен сабап өлтүрүп койгон. Андан соң келиндин жеңесин да бет талаштыра бир нече ирет урганда ал качып үлгүргөн. Келиндин жеңеси оор жаракат менен ооруканага жаткырылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, келини менен апасын сабап өлтүрүүгө шектелип кайнатасы кармалган.