Кениялык дарыгерлер окуучулардын кандай табышмактуу ооруга чалдыгып жатканын аныктоого аракет кылышууда.
Бүгүнкү күндө ооруга чалдыккандардын саны 95 адамга жетти. Алардын баары Ыйык Тереза Эреги кыздар орто мектебинин окуучулары. Алардын айрымдары журналисттерге эч жери оорубаганын, бирок муундары алсырап тура албай калганын айтышкан. Башкалары өз алдынча араң басып жүрүшөт.
Бул кандай оору экенин жана эмнеден келип чыкканын аныктоо үчүн мектепке саламаттыкты сактоо адистери жөнөтүлдү.