Кенияда дамба жарылып, 42 адам көз жумду (видео)

Кениянын Камучири айылында дамба жарылып, кеминде 42 адам каза болгонун Reuters агенттиги кабарлады.

«Дамба жарылгандан кийин 42 адамдын сөөгүн, анын ичинде 17 баланы алып чыктык. Куткаруу жана издөө иштери уланууда», — деди полиция башчысы Стивен Кируи.

Өткөн айдан бери нөшөрлөп жааган жамгыр жана селден каза болгондордун саны 140тан ашты.