Кенияда коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүчү адамдарга вакцина эмес, суу сайышкан

Кенияда дарыгерлер жарандарды коронавируска каршы вакцинанын ордуна суу менен эмдеген. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Кенияда атайын медициналык борборлордо жарандар AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөдөн өткөрүлүп жаткан. Бирок эмделүүнү каалагандардын саны көп болуп, алардын баарына вакцина жетпегендиктен айрым дарыгерлер алдамчылыкка барган. Алар жарандарга акча төлөп вакцина алууну сунуштап, бирок анын ордуна суу сайышкан. Бул окуя ачыкталгандан кийин алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бийлик жарандарды эмдөө үчүн акча төлөбөөгө чакырууда.