Кенияда мектептеги өрттөн 17 окуучу каза болду

Кенияда башталгыч мектепте чыккан өрттөн 17 окуучу каза болуп, 70 адам дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты. 

Кениянын полиция кызматынан маалымдашкандай, өрт 5-сентябрда түн жарымында менчик мектеп-интернатынын балдар жатаканасында башталган. Балдардын денелери таанылгыс болуп күйүп кеткен жана өрттүн себеби азырынча белгисиз. 11 окуучу ооруканага жеткирилген.

Кения өкмөтүнүн басма сөз катчысы өрт чыккан учурда жатаканада 150дөн ашык бала болгонун билдирди.

Кениянын Билим берүү министрлиги билдиргендей, мектепте 824 окуучу окуйт. Алардын 402си эркек балдар, 422си кыз. Ошондой эле 156 бала жана 160ка жакын кыз жатаканада жатып окушат. Калганы күндүз келип окугандар. 

«Дайынсыз жоголгондордун тизмесинде 70 бала бар. Бул алар каза болду же жаракат алды дегенди билдирбейт. Алар дайынсыз жоголгондордун тизмесинде деп жатышат. Биз дуба кылып, жакшылык тилеп жатабыз», — деди маалымат жыйынында президенттин орун басары.