«Керебетине жетпей жыгылып». Саакашвилинин палатасындагы видеолор жарыяланды

CNN телеканалы Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин Тбилисидеги «Вивамеди» клиникасынын палатасындагы көзөмөл камерасынан жаңы видеолорду жарыялады. 

Видеолордун биринде Саакашвилинин керебетине жетпей жыгылганы тартылып калган. Дагы бир видеодо Саакашвили төшөктөн кулап түшкөндө, медайым анын колун кармоого аракет кылган. Ага клиниканын кызматкерлери жардамга келишкен. Жарыяланган видеолор 2022-жылдын октябрь айында мурдагы мамлекет башчынын палатасында тартылган.