«Кесилген буттарына чака көмкөрүп койгон». Орусияда майып адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды

Орусияда майып адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Орус ЖМКлары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кылмышка шектелип кармалган жаран жарым жыл мурда гана абактан чыккан. Ал буга чейин каракчылык беренеси менен соттолгон.

57 жаштагы 2-топтогу майып агасы дайынсыз болуп жатканын айтып, иниси 19-июлда милицияга кайрылган. Ал Биккужа айылындагы үйдө жалгыз жашачу. Аны менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын, үйдүн кире беришинде кандын тактары бар экенин айткан. Тергөө-ыкчам тобу аталган дарекке барышкан. Дайынсыз жоголгон адамдын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, кандын тактары жана буттары табылган. Башка дене мүчөсү табылган эмес.

Милиция дене токойдон үйүнөн 80 метр алыстыкта табылганын билдиришкен. Башында шектүү күнөөнү мойнуна алган эмес. Бирок кийинчерээк моюндап, өкүнүп жатканын айткан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, жарандын үйүнө кошунасы шектүү менен бирге барган. Алар спирт ичимдигин ичип отурушкан. Кошунасы кетип калган. Калган экөөнүн ортосунда чыр чыгып, майып адамды башына бир нече жолу жыгач менен чаап салган. Ал сөөктү катуу максатында бутун кесип, денесин токойго алып барган. Ал эми буттарын үйдөгү чака менен жаап койгон.