Киевде метродо поезддер каттамын токтотту. Мындан ары ал жашынуучу жайга айланат

«Украинанын борбор шаары Киевде метродо поезддер каттамын токтотту. Мындан ары ал толугу менен жашынуучу жай режимине өттү». Бул тууралуу калаанын башчысы Виталий Кличко билдирди.

Мэр Киевдин тургундарын үйдө же баш калкалоочу жайда калууга чакырып, шаарга чыкпоого үндөдү. Буга чейин борбор калаада жана өлкөнүн башка шаарларында эл метродо жашынууга өткөнү жана ошол жакта түнөп жатканы маалымдалган.