Киевдин чыга беришинде бир нече чакырымга созулган жол тыгыны пайда болду

Киевден чыга турган жерде бир нече чакырымга созулган жол тыгыны пайда болду. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Маалыматтарга караганда, Киевдин тургундары шаардан чыгып кетип жатышат. Украин телекөрсөтүүсүнүн «ТСН» жаңылыктар кызматынын маалыматы боюнча, Киевдин тургундары бир катар катуу жардырууларды уккандан бери тактап айтканда, саат 6:00дөн бери жол кыймылынын тездиги байкалууда.

Ошондой эле, социалдык тармактарда адамдар май куюучу станциялардагы кезек жөнүндө жазып жатышат.