Ким Чен Ын биринчи жолу эл көзүнө кызын көрсөттү

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын биринчи жолу эл көзүнө кызын көрсөттү. Бул баллистикалык ракеталарды сыноо учурунда орун алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Буга чейин Ким Чен Ындын кызы бар экендиги коомчулукка бир да жолу ырасталган эмес. 2013-жылы америкалык баскетболчу Деннис Родман Түндүк Кореяга барып келгенден кийин аталган өлкөнүн башчысынын Жу Э аттуу кызы бар экенин жарыялаган. Түндүк Корея боюнча серепчи Майкл Мэддендин божомолунда Жу Э 12-13 жашта болушу ыктымал жана 4-5 жылдан кийин ал жогорку окуу жайга же аскердик кызмат өтөөгө даярданат. Ал өлкө башчысынын кызын эл көзүнө алып чыгуусун төмөндөгүчө түшүндүрөт: «Бул кызынын лидерлик позицияга ээлик кылуусуна даярдык да болушу мүмкүн».

Баллистикалык ракеталарды сыноону көрүүгө Ким Чен Ын менен анын кызынан тышкары жубайы Ри Соль Чжу жана карындашы Ким Е Чжон да келишкен.