Ким Чен Ын эми кичүү кызын эл көзүнө алып чыкты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кичүү кызы менен континенттер аралык баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сыноого салым кошкон кызматкерлер менен эстеликке сүрөткө түшүштү.

Буга чейин Ким Чен Ындын кызы бар экендиги коомчулукка бир да жолу ырасталган эмес. 2013-жылы америкалык баскетболчу Деннис Родман Түндүк Кореяга барып келгенден кийин аталган өлкөнүн башчысынын Жу Э аттуу кызы бар экенин жарыялаган. Түндүк Корея боюнча серепчи Майкл Мэддендин божомолунда Жу Э 12-13 жашта болушу ыктымал жана 4-5 жылдан кийин ал жогорку окуу жайга же аскердик кызмат өтөөгө даярданат. Ал өлкө башчысынын кызын эл көзүнө алып чыгуусун төмөндөгүчө түшүндүрөт: «Бул кызынын лидерлик позицияга ээлик кылуусуна даярдык да болушу мүмкүн».

Мындан эки жума мурун Түндүк Кореянын лидери улуу кызын биринчи жолу эл көзүнө алып чыккан.