Ким Чен Ын Түндүк Корея Түштүк Корея менен бириктирген жолду эмнеге жардырганын айтты

FILE PHOTO: North Korean leader Kim Jong Un attends the 7th enlarged plenary meeting of the 8th Central Committee of the Workers' Party of Korea (WPK) in Pyongyang, North Korea, March 1, 2023 in this photo released by North Korea's Korean Central News Agency (KCNA). KCNA via REUTERS ATTENTION EDITORS - THIS IMAGE WAS PROVIDED BY A THIRD PARTY. REUTERS IS UNABLE TO INDEPENDENTLY VERIFY THIS IMAGE. NO THIRD PARTY SALES. SOUTH KOREA OUT. NO COMMERCIAL OR EDITORIAL SALES IN SOUTH KOREA/File Photo

Түндүк жана Түштүк Кореянын ортосундагы унаа жана темир жолдорунун бузулушу транспорттук байланыштардын бузулушун гана эмес, Корей жарым аралын бириктирүү идеясын четке кагууну да билдирет. Бул тууралуу Ким Чен Ын билдиргенин KCNA агенттиги жазды.

«Биздин армия Корея Республикасы бөтөн жана душман мамлекет экенин дагы бир жолу айкын түшүнүшү керек. Мындан 2 күн мурун алардын аймагына баруучу жолдорду, темир жолдорду толугу менен буздук. Бул физикалык жактан гана эмес, Сеул менен байланыштарды да үзүү дегенди билдирет», — деди ал.

15-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Түштүк жана Түндүк Кореяны бириктирген жолдорду жардырышкан. Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Түндүк Корея эки өлкөнүн аймактарын толугу менен ажырата турганын эскерткен. Пхеньян кошумчалагандай, кокустан чыр-чатактарды болтурбоо үчүн алар америкалык аскерлерге пландары тууралуу маалымат беришкен. Буга чейин Түндүк жана Түштүк Кореяны автомобиль жана темир жолдор байланыштырып турган. Мурда алар эки өлкөнүн кызматташтыгынын символу болуп келген.