«Ким эмне десе, өзү ошондой». Владимир Путин ага карата айтылган сөзгө жооп узатты

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Жо Байденге ден соолук каалады. Путин америкалык лидердин айтканына ABC News телеканалына берген маегинде жооп берди.

Буга чейин Байден журналистке маек берип жатып, Орусиянын президентин сындаган эле. Анда журналист Байденге “сиз Путинди киши өлтүргүч деп эсептейсизби?» деген суроо берген. Байден буга «ооба» деп жооп берген.

«Америкалык кесиптешимдин билдирүүсүнө келсек, биз чындыгында ал айткандай, жеке таанышпыз. Мен ага эмне деп жооп берет элем? Мен ага ден соолук каалайм»,— деди Путин жана муну ал тамашасыз айтып жатканын белгиледи.

«Бул биринчиси. Экинчиден, башка адамдарга баа бергенде, же башка мамлекеттерге, башка улуттарга баа бергенде, ар дайым күзгүгө каранабыз ал жактан өзүбүздү көрөбүз. Эсимде, бала кезимде короодо бири-бирибиз менен урушуп жатканда «өзүң ошондойсуң» деп айтчубуз. Бул жөн жерден эмес, бул тамаша эмес, андагы психологиялык маани өтө терең. Биз ар дайым өзүбүздүн сапаттарыбызды башка адамдан көрүп, ал биз менен бирдей деп ойлойбуз. Ушунун негизинде биз анын иш-аракеттерине баа беребиз»,— деди Путин өзүнүн оюн түшүндүрүп.