Кимчи кытайлар менен корейлердин талашына түштү

There's no denying the wow factor of kimchi, the pungent fermented condiment. But while some storebought versions pack plenty of punch, others are less than impressive. (Getty Images)

Кимчинин айынан Кытай менен Түштүк Корея чырдашууда. Корейлердин айтымында, кытайлар алардын маданиятын уурдап жатат. Тагыраагы Кытай өзүн кимчи өндүрүү боюнча лидер деп атап, Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюмдан сертификат алганын маалымдаган.

Бул талаш жогорку бийликтин деңгээлинде да, эки элдин ортосунда да күчөөдө. Кытай интернет колдонуучулары кимчиге өз азык-түлүгү катары талапкер болууга толук укукка ээ, себеби Түштүк Кореяда сүйүп жеген кимчинин көбү Кытайдан барат дешет.

Кимчи – бул ачуу татымалдар кошулуп туздалган кытай капустасы. 2013-жылы кимчини даярдоо процесси ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген.