Ноябрь айынын жылуулугу рекорд койдубу? Синоптиктер ай эле эмес, жыл эң жылуу болду дешүүдө

2023-жылдын ноябрында жер бетинин орточо температурасы 14,22 градус болуп, метеорологиялык байкоолор жүргүзүлгөн убакыттын ичинде эң жылуу ай болду. Бул көрсөткүч 2020-жылдагы рекорддон 0,32 градуска жогору болгонун дүйнөлүк басылмалар жазышты. 

Буга чейин БУУнун Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмунан 2023-жыл эң жылуу жыл болорун билдирип жатышкан. Анткени быйылкы жылдын акыркы айларында температуранын жогору болуп жатканы боюнча улам бир рекорддор коюлууда.