«Клон» сериалындагы актриса Жандира Мартини каза болду

Актриса Жандира Мартини 78 жашында Сан-Паулуда каза болгонун UOL Splash билдирди. Маалыматты актрисанын жолдошу актёр Маркос Карузо тастыктаган. 

Актрисанын өлүмүнүн себеби айтыла элек. O Globo гезитинин жазганына караганда, ал өпкө рагы менен күрөшүп жүргөн. Жандира Мартини 2001-жылы тартылган «Клон» сериалындагы Зорайденин ролу менен белгилүү.

Актриса 1945-жылы 10-июлда Сан-Паулу штатынын Сантос шаарында туулган. Бразилияда ал жазуучу жана театралдык пьесалардын автору катары да белгилүү.