«Колу менен бутун жулуп салган». Египетте акула аялга кол салды (видео)

Египеттеги Хургада курортунда акула Австриядан келген аялга кол салды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, аял сүзүп жүргөндө ага акула кол салып, колу менен бутун жулуп салган. Видеодон аялдын аман калуунун аракетин кылып жатканын көрүүгө болот. Ал жээкке чыкканда медкызматкерлер ооруканага алып кетишкен. Бирок ал ооруканага жетпей көз жумган. Каза болгон аял 68 жаштагы австриялык Элизабет Сквайр Хургада жашап, ошол жактагы жергиликтүү тургундун жубайы болгон.