Колумбияда күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болуп, аял каза болду

Колумбиянын борбору Богота шаарында күчү 6,3 баллга жеткен катуу жер титирөө болуп, чочулаган тургундар көчөгө качып чыгып, бир аял катуу жыгылып каза болду. Бул тууралуу Reuters жазды.

Колумбиянын Улуттук геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, күчү 6,1 баллга жеткен. Кыйроолор тууралуу маалымат жок. Каргашалуу окуя борбор калаанын түштүк-чыгышында болуп, жер титирөө учурунда бир аял терезеден кулап кеткенин мэр Клаудия Лопес билдирди. «Биз көңүл айтабыз. Аял 10-кабаттан секирип каза болду», — деди ал.