Колумбияда Шакирага бийиктиги 6,5 метрлик эстелик орнотулду (видео)

Ырчы Шакиранын туулган жери болгон Колумбиянын Барранкилья шаарында бийиктиги 6,5 метр болгон коло айкели орнотулганын El Espectador басылмасы жазды. 

Шакиранын өзү эстеликтин ачылышына катышкан жок — анын ата-энеси жана бир туугандары мэр менен жолугушту.

Маалым болгондой, скульптура толугу менен колодон куюлуп, анын бийиктиги 6,5 метрди түзөт. Айкел 2005-жылы тартылган «Hips Don’t Lie» клибиндеги Шакиранын образында жасалган. Басылманын айтымында, Ино Маркес айкелди жаратууга беш ай убакыт кетирген. Буга райондук искусство мектебинин окуучулары жардам беришкен.