Колумбияда учак калың токойго кулагандан 17 күн өткөндөн кийин аскерлер төрт баланы – 13, 9, 4 жашар жана 11 айлык ымыркайды тирүү табышты. Алардын апалары менен учактын учкучу каза болгон. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
1-майда өлкөнүн түштүгүндө Араракарадан Сан-Хосе-дель-Гуавьярга учуп бара жаткан Cessna 206 учагы кыймылдаткычы иштебей калганын кабарлап, авариялык сигнал берген. Көп өтпөй учак радардан көрүнбөй калган. Ал 16 күндөн ашык изделген. Издөө иштерин аба ырайынын шарттары кыйындаткан.
Аскерлер 16-майда учакка жеткенде кабинадан учкучтун жана эки аялдын сөөгүн табышкан. Борттогу жашы жете элек төрт бала да кабинадан да, учактын жанынан да табылган эмес.
«Биздин куралдуу күчтөр тарабынан жүргүзүлгөн издөөдөн кийин биз Гуавьярдагы учак кырсыгында дайынсыз жоголгон төрт баланы тирүү таптык. Бүткүл өлкө үчүн кубаныч», — деп жазды президент соцтармактагы баракчасына.












