20 миллиард долларга тете байлык! 300 жыл мурун чөгүп кеткен кеме табылды

Колумбиянын президенти Густаво Петро Кариб деңизинин түбүнө 300 жыл мурун чөгүп кеткен испаниялык «Сан-Хосе» кемесин алып чыгууну тапшырды. Ал кемеде 4 миллиард доллардан 20 миллиард долларга чейин бааланган кенч бар. Бул тууралуу Колумбиянын Маданият министри Хуан Дэвид билдирди. 

Президент 2026-жылы мөөнөтү аяктаганга чейин кемени чыгарууга үмүттөнөт деди ал. Ал үчүн чиновниктерден мамлекеттик-жеке өнөктөштүк түзүүнү же жеке фирма менен келишим түзүүнү суранган. 

1708-жылы жайында «Сан-Хосе» британиялык кеме менен салгылашууга катышып, чөгүп кеткен. Кемеде 600 адам, ошондой эле алтын, күмүш, асыл таштар жана башка баалуу буюмдар салынган сандыктар болгон. Кеме 2015-жылга чейин дайынсыз деп эсептелип, Колумбиянын деңиз флоту өлкөнүн аймактык сууларынан анын сыныктарын тапканын жарыялаган.

.mp4" />