Колумбиянын сөз сүйлөп жаткан мэринин шымы шыпырылып калды (видео)

Колумбиянын мэри сөз сүйлөп жатып шымын «жоготуп алды». Мэр Хорхе Элиас Чамс окуу жайларынын биринде салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөп жаткан. Сөзүнүн ортосунда эле шымы шыпырылып, ич кийимчен калды.

«Бул тарыхта калсын, мен 8 килограммга арыктадым», — деди ал. Залдагылар бул сөздөрдү кол чабуулар менен коштоп жиберишти.