«Колунан телефону түшпөй…». Владимир Путин туулган күнүн кандай тосту?

Орусиянын президенти Владимир Путиндин туулган күнү телефон сүйлөшүүлөр менен өттү. Бул тууралуу журналисттерге Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. 

«Албетте, куттуктоолор да болду, бирок убакыттын көбү жумуш маселелерине жумшалды»,- деди маалымат катчысы. Буга чейин Песков президент туулган күнүндө иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатканын жана майрамын үй-бүлөсү менен кечинде гана белгилерин белгилеген.

7-октябрда Путин 69 жашка толду. Биринчи болуп орус президентин Беларусь башчысы Александр Лукашенко куттуктаган. Кремлдин басма сөз кызматы билдиргендей, Путинге куттуктоолорду анын түрк кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана бул өлкөнүн экс-башчысы Нурсултан Назарбаев да жөнөтүшкөн. Мындан тышкары, Тажикстандын, Азербайжандын, Кыргызстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын президенттери жана башка саясий ишмерлер да куттукташты.