«Колунан телефонун түшүргөн эмес». Өзбекстанда токтоп турган унааны сүзгөн велосипедчен жарандын видеосу тарады

Социалдык тармактарда жол жээгинде турган унааны сүзүп кеткен велосипед айдоочунун видеосу тарады. Podrobno.uz видеодон көпчүлүк жарандар телефондон башын албаган айдоочуларды көргөнүн жазышты. 

Видеодон көргөндөй велосипедчен жаран телефонуна ушунчалык берилип, башын экрандан албай, тээп бара жатканын көрүүгө болот. Кесепетинен ал жолдун жээгинде токтоп турган унааны сүзгөн. 

Жабырлануучу оор жаракат алган эмес. Бирок ал сүйүктүү телефонун колунан түшүргөн эмес.