Композитор, ырчы Вячеслав Добрынин көз жумду

Композитор, ырчы, Орусиянын Эл артисти Вячеслав Добрынин 78 жашында Москвада каза болду Бул тууралуу жубайы Ирина Добрынина билдирди.

Сентябрдын аягында ал инсультка шектелип ооруканага жаткырылганын Shot Telegram каналы билдирген. 

Добрынин атактуу ырчылардын аткаруусундагы көптөгөн популярдуу ырлардын музыкасынын автору катары белгилүү. Ал Алла Пугачевага, Михаил Боярскийге, Лев Лещенкого, Ирина Аллегровага, Надежда Кадышевага, Валентина Толкунова жана башкаларга музыка жазган.