Компьютердик оюндарга баш-оту менен берилип кетүү оору деп таанылат

Компьютердик оюндарга баш-оту менен берилип кетүү 2022-жылдын 1-январынан тарта оору деп таанылат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм жарыялап, оорулардын классификациясын жаңылады.

Компьютердик оюндарга көз каранды болуп калууну аталган уюм соңку 10 жыл бою иштеп чыгып келе жаткан. Бир канча жыл мурда уюм аны өзүнчө оору катары бөлүп, бирок ага диагноз коюу жана дарылоо ыкмасы азырынча жок. 2019-жылы видео оюндарга көз карандылыктан улам өспүрүм бейтапканага жаткырылган биринчи окуя катталган. Ага чейин деле мындай окуялар катталчу, бирок алар жашы жеткен оюнчулар болгон. Адистер компьютердик оюндарга баш-оту менен берилип кетүү бир гана көз карандылыкка алып келбей, баланын көз көрүүсү начарлап, омурткасы кыйшайып, уйкусуздук менен жабыркай тургандыгын да айтып келишет. Ошондой эле, оюндарга көз каранды болуп калган балдар бат ачууга алдырып калышат.