Конгонун Кванго провинциясында 143 адам белгисиз оорудан каза болгонун губернатордун орун басары Реми Сакиге шилтеме берүү менен Reuters жазды.
Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү билдиргендей, ооруган адамдарда сасык тумоонун белгилери, ошондой эле дене табы көтөрүлүп, баш оору бар. Жергиликтүү эпидемиолог илдет алгач аялдар менен балдардан аныкталганын, ооруган адамдардын саны өсүп жатканын билдирди.
Конгонун бийлиги Квангодо белгисиз оорунун пайда болгону тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна буга чейин кабарлаган. ДССУнун өкүлү уюм Конгонун саламаттыкты сактоо министрлиги менен кошумча изилдөө жүргүзүү болуп жатканын айтты.