Конго мамлекетинде Эбола вирусун жуктуруп алган адам катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Алардын айтымында, илдетке чалдыккан аял эки күнгө жетпей эле каза болгон.
Африка континентиндеги Эбола вирусунун жаңы учуру оору токтоду дегенден 2 ай өтүп башталды. Аялдан мурда аталган вирус менен анын жолдошу ооруган.
2020-жылдын 18-ноябрында Конго бийлиги Эболанын кезектеги толкуну аяктаганын жарыялаган болчу.
Аталган вирусту жугузган адамдардын 90 пайызы мерт болору айтылат.