«Коньки кекиртегин кесип кеткен». Англиялык хоккейчи беттеште каза болду (видео)

Англиялык «Ноттингем Пантерс» клубунун чабуулчусу Адам Жонсон Британ элиталык хоккей лигасынын беттешинде каза болду. «Шеффилд Стилерс» командасынан атаандашы кокусунан коньки менен кекиртегин кесип алган. Бул тууралуу Reuters жазды. 

Окуядан кийин дароо беттеш үзгүлтүккө учурап, күйөрмандарды аренадан чыгууну суранышкан. Тез жардам кызматкерлери Жонсонго окуя болгон жерде жардам көрсөтүшкөн, андан кийин спортчу ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер аны сактап кала алышкан эмес.

Хоккейчи 29 жашта болчу. Ал өзүнүн карьерасынын көбүн Америка хоккей лигасында (AHL) өткөргөн, Улуттук хоккей лигасында (NHL) ойногон жана «Питтсбург» үчүн бир нече жолу ойногон. Жонсон августта «Ноттингем Пантерс» менен келишимге кол койгон.