Кытайда «эр жүрөк» коопсуздугу жок 37-кабаттан жерге түштү

Кытайдын Гуйчжоу провинциясынын жашоочусу эч кандай коопсуздугу жок көп кабаттуу имараттан жерге түштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Алгач ал имараттын шыбынан асылып түшүп, ылдыйды көздөй балкондор аркылуу өткөн. Ортодо террасанын ортосуна жөөлөнүп, телефонун караганга да үлгүргөн. Окуяга күбө болгондор дароо Өрт кызматын чакырышкан. Бирок жардамдан баш тарткан «жөргөмүш киши» 37-кабаттан 3-кабатка чейин өзү түшкөн. 3-кабаттан имараттын ичине кирген «баатырды» полиция кызматкерлери кармап кетишкен.

Азырынча анын эмне максатта өмүрүн тобокелге салып мындай ишке барганы белгисиз.