«Көп балалуу болуу үчүн». Иракта 103 жаштагы абышка үчүнчү жолу үйлөндү

Ирактын тургуну Хажи Мухейлиф Фархуд аль-Мансури мүмкүн болушунча көп балалуу болуу үчүн үчүнчү жолу үйлөндү. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

Маалыматтарга караганда, киши учурда 15 баланын атасы. Жүздөн ашык небереси бар. Ал экинчи жубайы кетип калган соң, үчүнчүсүнө үйлөнүүнү каалаган. Ал үчүнчү жолу 37 жаштагы келинге үйлөнгөн. Анын уулу журналисттерге атасы экинчи аялы кетип калгандан кийин аны күтүп жүргөнүн, бирок ал кайтып келбегенинен үйлөнүүчү чечкенин айтып берген. Ал эми карыя балдарынан эч нерсе талап кылбай турганын айтып, Жараткан батасын берип, мени жалгыз таштабасын деп тилей турганын билдирген.