Түштүк Кореяда 120 миңге жакын мугалим митингге чыкты (сүрөт)

Кечээ, 4-сентябрда Түштүк Кореядагы 120 миңге жакын мугалим өлкө боюнча митинге чыгышты. Борбор калаа болгон Сеулда 50 миңге жакын мугалимдер чогулган.

Reuters маалымат агенттигинин маалыматына караганда, ата-энелердин мугалимдерге көрсөткөн психологиялык кысымынан улам көптөгөн мугалимдер суицидге барышкан. Кесиптештеринин жана өз укуктарын коргоо үчүн бийликке нааразычылык акция менен кайрылып, Улуттук Ассамблеянын алдында  мугалимдер чогулду.

Соңку 6 жылдын ичинде Түштүк Кореяда 100дөгөн мугалимдер өз өмүрүн кыйган. Көпчүлүгү башталгыч класстын мугалимдери болгон. Алардын айтымында, ата-энелер мугалимдерге жогорку талаптарды коюп, коркутууга алып, каалаган убагында чалып тынчын алышчу. Митингдин катышуучулары дал ошол күнү жумуш ташташып, митингге чыгышты.

Түштүк Кореянын билим берүү министрлиги мугалимдердин массалык түрдө жумуш ташташы мыйзамга каршы келерин, мугалимдерди жана директорлорду жумуштан кетирүүгө, атүгүл иш козгоого алып келиши мүмкүн экенин эскертип, ошол эле учурда мугалимдердин абалын жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө убада берди.