Кореялык музыкант Батырхан Шукеновдун ырын корейче ырдап, мактоого татыды (видео)

«Кореялык YouTube-влогери музыкант Батырхан Шукеновдун чыгармасын аткарып, Казакстан элин кубантты», — деп билдирет Tengri LifeStyle.

Соң Вон Соб өзүнүн YouTube баракчасына корей тилиндеги белгилүү тректердин каверлерин жүктөйт. Бул жолу ал Батырхан Шукеновдун популярдуу чыгармасы «Жамгырды» ырдады. 

Видеону 100 миңдей адам көрүп, 500дөй киши өз пикирин калтырган.