Көргөндүн жүрөгү түшөт! Индияда поезддер кагылышып, 15 киши көз жумду

Бүгүн, 17-июнда Индиянын Батыш Бенгалиясында эки поезд кагылышып, каза болгондордун саны 15 кишиге жетсе, жабыркагандар 60 адамдан ашты. Бул тууралуу батыш басылмалары жазышууда.

Кырсыкта товар ташыган поезд ошол багытта бара жаткан жүргүнчү ташыган поезд менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен бир канча вагон рельстен чыгып кеткен.