Робот адамды өлтүрдү. Ал заводдун кызматкерин куту деп ойлогон

Түштүк Кореяда робот заводдун кызматкерин картон куту менен адаштырып, өлтүрүп салган. 

Кызматкер робот-машиналарды текшерип жүргөн. Робот ичинде калемпир салынган кутуларды коюш керек болгон. Бирок ал адамды кармап, жылып турган тасмага койгон. 40 жаштагы кызматкер башынан жана көкүрөгүнөн жаракат алган.

Жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен, бирок ал каза болуп калган.