Падышалык гвардиячы Елизавета IIнин табытынын жанында эс-учун жоготуп, жыгылды

Социалдык тармактарда 15-сентябрга караган түнү падышалык гвардиячы Вестминстер Холлдо Елизавета IIнин табытында нөөмөт өтөп жатып эсин жоготуп, жыгылган видео тарады.

Окуя падышалык гвардиянын ардактуу кароолунун курамын алмаштыруу учурунда болгон. Күзөтчүлөр ордун алмаштыра баштаганда, алардын бири капысынан жерге кулады. Ал бир нече секунд жатып, андан кийин эки полиция жардамга чуркап келишти.