Коронавирус илдетин алдын-алуу үчүн эмдөө алган эң алгачкы адам Улуу Британиянын 90 жаштагы тургуну болду

Коронавирус илдетин алдын-алуу үчүн эмдөө алган эң алгачкы адам Улуу Британиянын 90 жаштагы тургуну болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Маргарет Кинан аттуу тургун эртең мененки саат 6:30да Ковентри университеттик ооруканасында эмдөө алган.

Айта кетсек, Улуу Британия 2-декабрдан тартып Pfizer жана BioNTech компаниялары тарабынан чыгарылган вакцинаны массалык түрдө колдонууга уруксат алган алгачкы өлкө болду.