Коронавирус кайтуудабы? Европа жана АКШда ковид жуктургандардын саны өсүүдө

Ковидден улам Европада жана АКШда оорунун дагы бир өсүшү байкалууда. Коронавирустун жаңы варианты канчалык кооптуу жана чектөөлөр киргизилеби? Бул тууралуу DW басылмасы макала жарыялады.

Маалыматка караганда, Европа жана АКШда ковидден жабыркагандардын саны байкалууда. Мындан улам кырдаал олуттуу деп эскертилет.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун мүчөсү Мария ван Керикхов: «Ковидди учурда миллиондогон адамдар жуктуруп, кайра башкаларга жугузуп жатат. Биздин эсептөөлөр боюнча, азыр жүз миңдеген адамдар ковидден улам ооруканада», — деди.

Евро Биримдиктин ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун маалыматы боюнча, ковиддин өсүшүнүн негизги себеби — эс алуу мезгили, адамдар бири-бири менен көп байланышта болгондугу жана калктын иммундук коргонуусунун начарлашы.

Мындан тышкары, коронавирустун жаңы BA.2.86 «Пирол» деп аталган түрү пайда болду. Америкалык эпидемиолог Денис Нэштин айтымында, азырынча бардык иш-аракеттин чоо-жайын билише элек. «Бирок биз билген нерсе — бул жаңы «Пирола» вирусу иммунитетти айланып өтүп, инфекцияны жуктуруу ыктымалдуулугун жогорулатат. Бул жаңы түрү адамды катуу ооруга алып келиши мүмкүн», — деди ал.

«Пиролага» каршы вакцина АКШда бекитилген. Ушул күздөн тарта колдонулуп баштайт. Дарыгерлердин айтымында, вакцина вируска каршы эффективдүү иштейт. Биринчи кезекте вакцина кары адамдар жана иммунитети төмөн адамдарга колдонулат.

Америкалык микробиолог Уэсли Лонг: «Убакыттын өтүшү менен иммунитет короновируска каршы алсызданат. Мындай абал оорулуулардын санын көбөйтөт. Ошондуктан жаңы вакцина каронавирустун жайылынышына каршы жакшы иштейт», — дейт.