Коронавирус. Кытайда балдарды үч жашынан тартып эмдөө башталат

Кытайдын беш провинциясында 3 жаштан 11 жашка чейинки балдарды коронавируска каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу Associated Press News билдирди.

Кытайда калктын 76 пайызы толук эмдөөдөн өткөнү, бийлик оорунун чыгышы болбойт деп жатканы айтылды. «Кытай коронавируска каршы вакцинаны балдарга сайган өлкөлөрдүн катарына кирет. Мисалы, Кубада 2 жаштан баштап эмдей башташат. АКШнын көптөгөн штаттарында 12 жаштан баштап эмдөөдөн өтүшөт», — деп айтылат маалыматта.