«Коронавирус менен натыйжасыз күрөшүүдө». Таиландда жүздөгөн адамдар премьер-министрге каршы митингге чыгышты (видео)

18-июлда жүздөгөн жарандар Бангкоктун көчөлөрүнө чыгып, Таиланддын премьер-министринин кызматтан кетишин талап кылышты. Полиция демонстранттарды резина октору, көздөн жаш агызуучу газ жана суу менен качырды. 

Нааразычылык акциясына чыккандар 2014-жылы төңкөрүштүн натыйжасында бийликке келген аскер адамы Прают Чан-Очуну коронавирус пандемиясы учурунда натыйжасыз иш алып барууда деп айыптап, армияны жана падышанын үй-бүлөсүнө бөлүнгөн акчаны ушул багытка багыттоону талап кылышууда. Алар ошондой эле Таиландда мРНК вакциналарын колдонууну жакташат.

18-июлда Таиландда 11 397 коронавирус инфекциясы катталып, 101 адам көз жумган — бул пандемия башталгандан берки абсолюттук анти-рекорд. Өлкөдөгү ооруканаларга оорулуулар батпай калган, ал эми өлкө жактырган вакцина бир гана Синовак болгон. Өткөн айда саламаттыкты сактоо кызматкерлери жергиликтүү өндүрүштөн чыккан AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү башташты.