Коронавирус. Орусияда акыркы суткада 1015 адам көз жумду

Акыркы суткада Орусияда коронавирус оорусунан 1015 киши көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Маалыматка караганда, адам өлүмү катталган шаарлар Мосвка — 73 жана Санк-Петербург — 68 болгон.

Пандемия башталгандан бери Орусиянын аймагында аталган илдеттен 225 миң 325 адам көз жумду. Вирус 8 милилондон ашык адамдан аныкталган. Учурда 1 миллион 706 миң 328 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.