Коронавирус. Орусияда акыркы суткадагы адам өлүмү пандемиядан бери рекорддук чекке жетти

Орусияда акыркы суткада коронавирустан 820 адам көз жумду. Ошол эле учурда 21 миңден ашуун киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу ыкчам штабдан билдиришти.

Буга чейин 26-августта да 820 адам өлүмү катталган. Акыркы үч күндө өлүмдүн деңгээли күнүнө 800дөн ашып жатат. Ошентип, каза болгондордун көпчүлүгү Москвада — 54 жана Санкт-Петербургда — 53 катталган.

Орусияда коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 201 миң 445 адамга жетти. Ооруну жуктургандардын жалпы саны 7 миллион кишиден ашты.