Акыркы суткада Орусияда коронавирустан 817 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди. Адам өлүмү эң көп Москва шаары — 50 менен Санкт-Петербург шаарында — 43 катталган.
Пандемия башталгандан бери каза болгондордун саны 200 миң 625 адамга жетти. 7,3 миллион адам илдет менен ооруган. Учурда 1 миллиондон ашуун бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.