Коронавирус. Орусиялык алып баруучу Лариса Гузееванын ооруканада оор абалда жатканы айтылды

Орусиялык теле алып баруучу Лариса Гузеева ооруканада оор абалда жатат. Дарыгерлер андан коронавирус оорусун аныкташты. Бул тууралуу Газета.ру жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, ал оор абалдагы бейтаптарга берилчү, кымбат дарылар менен дарыланып жатат. «Абалы оор, ошондуктан ага ички органдардын жабыркашына алып келүүчү «цитокин бороонунун» пайда болушуна жол бербөө үчүн терапия дайындалган», — деп жазышты.

Мындан тышкары, Гузееванын өз алдынча дем алуусу начарлоодо. Анализдер бөйрөгүнүн да  жабыркашын аныктаган. 62 жаштагы теле алып баруучу 27-сентябрда ооруканага жеткирилген, дарыгерлер ага COVID-19 диагнозун коюшкан.