Коронавирус пандемиясы 7 жылга созулушу мүмкүн

Коронавирустук пандемияны жоюу үчүн дүйнө калкынын 75 пайызы эмделиши керек. Бул азыркы көрсөткүчтөр боюнча 7 жылды талап кылат. Бул тууралуу Bloomberg жазат.

Агенттиктин маалыматы боюнча, дүйнөдө күнүнө 4,5 миллиондон ашуун COVID-19 вакцинасы сайылып жатат. Ар бир адамга эки дозадан дары берүү керектигин эске алганда, дүйнө калкынын көпчүлүгүн эмдөө үчүн болжол менен 7 жыл талап кылынат.

АКШда бул процесс 11 айга созулат. Ал жерде күнүнө 1,3 миллион эмдөө жасалат. Израилде калктын 21 пайызы толук эмдөөдөн өткөн. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары (100 кишиге 35,8 доза) колдон келген аракетин жасап жатат.

“Эмдөө башталгандан бери көптөгөн өлкөлөр COVID-19 дары-дармегине бирдей эмес мүмкүнчүлүк алышты. Кээ бир штаттарда эмдөө алигиче жүргүзүлө элек. Коронавирустук вакцинаны жайылтуу процесси адамзаттын башынан өткөргөн эң ири логистикалык көйгөй болот”, — деп айтылат агенттиктин маалыматында.