Коронавирус тууралуу биринчи маалымат ачыкка чыкканга чейин 2019-жылдын ноябрь айында Уханда вирусология институтунун үч окумуштуусу катуу ооруп калып, өлүм төшөгүндө жатып калган. Бул тууралуу АКШнын чалгынчыларынын жашыруун отчетуна шилтеме берүү менен The Wall Street Journal басылмасы жазды. Макалада жарыяланган маалыматка караганда, вирусологдордун илдетке кабылышы оорунун жасалма жолу менен келип чыкканы тууралуу гипотезаны тастыктайт.
Жогорудагы кытай окумуштуулары коронавирусту изилдөө менен алектенген лабораторияда иштешкен. Ноябрь айында алар бир эле учурда сасык тумоонун белгисине жана COVID-19 илдетинин белгисине окшош симптомдор менен врачтарга кайрылышкан.
Ушул жылдын январь айында түрдүү өлкөлөрдөн чогулган Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюмдун окумуштууларынын тобу коронавирустун келип чыгуу себебин аныктоо үчүн Уханга барган. Анда эксперттер бир канча жерлерди көрүп, анын ичинде вирусологиялык лабораторияга да баш багышкан эле. Сапардын жыйынтыгы боюнча окумуштуулар коронавирустун жасалма жол аркылуу келип чыгуу версиясын жокко чыгарышкан.










