Коронавируска байланыштуу чет элдик мусулмандар Меккеге зыярат кылууга бара албайт

Быйыл да коронавируска байланыштуу чет жердеги мусулмандар Меккеге ажылыкка бара албайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Сауд Аравиянын бийлигинин чечимине ылайык, өлкөдө жашаган 60 миң адамга гана ажылык кылууга уруксат берилген. Ажылык жана умра иштери боюнча министрлиги билдиргендей, ыйык жерлерге эмдөөдөн өткөн, өнөкөт оорулары жок 18ден 65 жашка чейинки зыяратчылар киргизилет.

Быйыл ажылык 17-22-июль күндөрү өтөт.