Коронавируска каршы дагы бир вакцина чыкты. Анын эффективдүүлүгү — 95 пайыз

Америкалык Moderna компаниясы анын вакцинасы коронавируска каршы эффективдүүлүгү 94,5 пайызды көрсөткөнүн жарыялады.

Вакцинаны сыноонун 3-баскычына 30 миң адам катышкан. Эмдөөнүн экинчи дозасынан эки апта өткөндөн кийин 95 катышуучу ооруган. Алардын ичинен 90у плацебо, 5и вакцина алган.

Moderna компаниясынын вакцинасы mRNA-1273 деп аталат. Жаңы вакцинага уруксат ушул жылдын соңуна чейин алынышы ыктымал.

Буга чейин америкалык Pfizer жана германиялык BioNTech компаниялары 90 пайыздык эффективдүүлүк көрсөткөн коронавируска каршы вакцина ойлоп табышканын жарыялашкан. Орусия иштеп чыккан «Спутник V» вакцинасынын натыйжалуулугу 92 пайызды түзгөн.