Коронавируска каршы вакцина тукумсуздукка алып келеби? Микробиологдун жообу

Sputnik V коронавирустук вакцинасын сайдыргандар тукумсуз болуп калбайт, анткени бул вакцина адамзатта жашап келе жаткан аденовирустун негизинде жасалат. Бул тууралуу Орусиянын Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук изилдөө борборунун жетекчиси Александр Гинцбург РИА Новости агенттигине билдирди.

Эволюциялык көз карашта дагы, заманбап медицинанын эң жакын байкоолору боюнча дагы, вакцина терс таасирин тийгизбейт.

Ал вакцинадагы I компонент жана II компонент аденовирус 26 жана аденовирус 5тин негизинде жасалгандыгын, бул вирустардын экөө тең адамдарда илгертен эле пайда болгонун белгиледи.

«Бул убакыт аралыгында, белгилүү болгондой адамзат 7,5 миллиардга көбөйдү. Аденома вирустарын курч респиратордук инфекциялар сыяктуу жеңил жана оор түрүндө ондогон жылдар бою жуктуруп, айыгып келдик. Эч ким мындан тукумсуз болуп же репродуктивдик системасына доо кеткен эмес. Медициналык протоколдордо дагы аныкталган жок», — деди ал.